БЕККОЖОЕВ КӨБӨШ
Бекхозой Хобеш
Документ о военнопленных
Дата рождения: ..1922
Место рождения: Агучук
Дата выбытия: 14.03.1942
Судьба: Погиб в плену
Место пленения: Минск
Лагерь: шталаг 324
Лагерный номер: 3857
Дата пленения: 28.06.1941
Место захоронения: Гродно
Информация об архиве –
Источник информации: ЦАМО
Фонд ист. информации: 58
Опись ист. информации: 977520
Дело ист. информации: 2970

Белоруссиянын Гродно шаарындагы шталаг — 324 туткундар учун лагерге Чыгыш фронтунан туткунга түшкөн Кызыл Армиянын аскерлери дулаг, транзиттик, чогултуучу пунктардан айдалып келген. Колго түшкөн аскерлерди темир жол аркылуу жана жөө жүрүш аркылуу жеткизишкен. Вагондордо аба жетпей тумчугуп, жарадар болгондор белгиленген жерге тирүү жетпей калган.
Лагердеги адам чыдагыс көрүнүштон улам акылынан айныгандар дагы көп болгон экен.
Минск шаарынан 1941 жыл, 28 июнда душман тарабынан туткундалган Беккожоев Кожош дагы өзүнүн жолдоштору менен Гроднодогу лагерге жеткирилген.
СОГУШ ТУТКУНУНУН АНКЕТАСЫ :
Бекхозой Хобеш 1922 ж
Bekchosoj Hobesch
Кыргыз
Чачы кара
Өзгөчө белгилери : жок ( бул жерде денесиндеги өзгөчө белгилери жөнүндө жазылат. Мисалы : кал, жаракат ж. б)
Аскердик бөлүк : Артиллерия
Дини: мусулман
Дареги : Тянь-Шань, Кочкор району, Агучук кыштагы
Туткунга тушкон жери : Минск
Туткунга тушкон датасы: 28.06.41
Лагерден берилген номер 3857
Каза болгон күнү 14 март 1942 жыл
Комулгон жери : Согуш туткундарынын лагери, Гродно шаары.
Беккожоев Муканбет : Беккожоев Кожош бизге жакын тууган болот. Атамдын эскерүүсундө ал кишинин үй булосу Чекилдек айылында жашаган. Кожош ата комуз чаап, комуз черткен, мергенчилик кылып, ат таптаган . Үй булосу жыл сайын Көшөгө жайлоосуна чыгып, кеч куздо айылга кайтып келишчу. Кожош ата өз ыктыяры менен согушка кеткен экен.
Сабира аттуу бир тууган карындашы агасынын өлүү тирүүсүн билбей, күтүп жүрүп, көзү өтүп кетти.
Кабылбек Жумабаевдин ,, Эс тутум,, китебинде мындай деп жазылган:
Беккожоев Коджош 1920 . 666 сп, б/п, 1 кл, класс 3.
Шталаг 324 лагери 1941 жылдын июль айында түзүлүп, 1942 жылдын күз айында жоюлган. Кызыл Армиянын жоокерлеринин кийин бул жерге еврейлер үчүн ,, Келбасино,, геттосу пайда болгон.
Гроднодогу Фолюш жана Колбасино лагерлеринде 14 миңден 30 миңден ашык адам өлгөн. Туткундар ачкачылык, сууктан, инфекциялык оорулардан андан сырткары кыйноо, уруп сабоодон улам каза болушкан.
Суук түшкөндө лагердегилерге жылуу кийим берилген эмес, жай айында колго түшкөндөр жеңил кийимчен бойдон калган.
Лагерь түзүлгөн күндөн жоюлганга чейин 36 000 миң туткун болуп өткөн.
- Солдо отурган Сабира, Беккожоев Кожоштун бир тууган карындашы. Сүрөттун ээси Беккожоев Муканбет. Беккожоев Кожош жоокердин туугандарын табууга жардам көрсөткөн Шахида Сейдалиева эжеге ыраазычылык билдиребиз.
