ТАЙЧАБАРОВ УЛАР

Информация о военнопленном
ID300310989
ФамилияТайчаваров
ИмяУлар
ОтчествоХайзева
Дата рождения/Возраст15.03.1918
Место рожденияУштерек
Дата пленения15.08.1941
Место плененияНиколаев
Лагерьшталаг XVII A
Лагерный номер130091
СудьбаПогиб в плену
Воинское званиекрасноармеец|рядовой
Дата смерти__.12.1942
Первичное место захороненияКайзерштайнбрух
Название источника донесенияЦАМО
Номер фонда источника информации58
Номер описи источника информации977520
Номер дела источника информации2308
Суротто: Тайчабаров Улар. Сүрөттүн булагы Базаркул Эшматова



Тайчабаров Улар : <<100 жылдан кийин үйгө кайтып келем>>.
Базаркүл Эшматова , жоокердин бир тууганы Токтогулдун кызы : <<Тайчабаров Улар 1918 же 1920 - жылы Жалал-Абад облусунун, Үч Терек районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Тайчабар, энеси Уулбу, бир туугандары Алдеш жана Токтогул, Улар балдардын ортончусу болчу.
Мугалимдик кесипте иштеп жүргөн мезгилде, 1939 жылы армияга чакырылган. 1941 жылы үйүнө акыркы каты келип, жазган катында: << азыр мен мекениме бара албайм 100 жылдан кийин үйгө кайтып келем>> — деп ыр түрүндө энесине жазган. Тилекке каршы, ал жазган катты жоготуп алышыптыр.
Уулбү чоң апабыз баласынын бул билдирүүсүн унутпай, өмүрү өткөнчө күткөн. Апасы 1978 — жылы көз жумду.>>
Согуштун алгачкы айында дайынсыз жоголгон Тайчабаров Улардын кабарын 82 жылдан кийин туугандары билип отурат.
2018 — жылдан тартып Эл Тр,, Издейм сени,, көрсөтүүсү менен бирге туугандарын издей баштаганбыз.
Былтыр Базаркүл эже Тайчабаров Улар аттуу тууганын издеп, изилдоочу группага кайрылган. Ал киши ушуга чейин жоокеринин дайнын билбей жүргон экен.
Туткун жоокер жөнүндө маалымат :
Тайчабаров Улар Хайзева.
Латынча :Tajtschawarow Ular.
Туулган жылы 1920.
Улуту кыргыз.
Кесиби : мугалим.
Энеси: Улбу.
Бир тууганы :Тайчабаров Алдеш.
Дареги :Уш Терек.
Туткунга тушкон күнү 15.08. 1941 жыл.
Туткунга тушкон жери :Николаев.
Каза болгон күнү 1942 жыл, декабрь.
Комулгон жери :Кайзерштрайнбрух.
Лагерь : шталаг XllA.
Тайчабаров Улар туткундар менен бирге бир нече жумушчу командаларында иштеген. Жеңил металл эритуучу заводдо жана Трасдорфтогу ондурушторго ишке тартылган.
Шталаг — XVll А лагери. Кайзерштрайнбрух.
Австриянын Төмөнкү Австрия жеринде Кайзерштрайнбрух кыштагында интернационалдык көрүстөн бар. Ал жерде концлагердин туткундары көмүлгөн.
Кайзерштрайнбрух лагерине алгачкы советтик аскер туткундары 1941 жылдын ноябрь айында жөнөтүлгөн. Ноябрь айында келген туткундардын канчасы келгендиги белгисиз. Көпчүлүгү жолдо, транспорттун ичинен каза болушкан, алардын сөөгү лагердин тегерегине көмүлгөн.
Лагерге чейинки жолдо 1941/42 жылдардын аралыгында келген туткундар дын бир тобу каза болуп калышкан.
Шталаг 17 А лагерине 1944 жылдын 1 — январында 14 249 советтик согуш туткундарын алып келишкен. Мурдагы туткундарды кошкондо алардын саны 47 904 кө жеткен.
Шталаг 17 А лагеринде көз жумган аты — жөнү белгилүү жана белгисиз туткун аталарыбыздын жаткан жери жайлуу болсун.
Кайзерштрайнбрухтагы боордоштор көрустөнунө көмүлгөн биздин туткун жоокерлер :
Абдулаев Курулувай, 1915 жыл, Узгене.
Болекпаев Менмат, 1910 жыл , Ысык-Көл, Рюкты. ( туугандары табылган)
Ивлев Николай Лаврентьевич 1918 ж, Түп району.
Нурышев Итыбай, 1918 жыл, Тигель.
Султанов Аблахум, 1917 жыл , Ош.
Султанов Шамен, 1917 жыл , Чүй, Омерчильга.
Солодко Максим Степанович, 1922 жыл.
Рахматлаев Абзамат, 1915 жыл, Ош.
Тайчабаров Улар, 1918 жывл, Уш Терек.
Тербишев Касак, 1918 жыл.
Тубаев Мурзапай.
Турдалиев Кашике, 1918 жыл, Шерабад.
Австриянын лагерлеринде каза болгон жоокерлерибиздин фамилияларын тактоо үчүн салым кошкон Гульмайрам Саалаева эжеге, Австрия жериндеги бир нече туткундардын көрустөндөрунун даректерин тактап берген Kapar Namazaliev байкеге ыраазычылык билдирем.
Тайчабаров Улар жоокер жөнүндө маалымат берген Базаркүл Эшматовага жана журналист Таттигуль Аюпова га рахматыбызды айтабыз.