Туткун

Согуш туткундары

АКИЛОВ ТОКХОГОН . АКЫЛОВ ТОКТОГОН.

Донесения о потерях
Акилов Тогхогон
Документ о военнопленных
Дата рождения: __.__.1918
Место рождения: Киргизская ССР, Дыкан
Воинское звание: красноармеец|рядовой
Дата выбытия: 08.10.1941
Судьба: Погиб в плену
Лагерь: шталаг 307
Лагерный номер: 52348
Информация об архиве —
Источник информации: ЦАМО
Фонд ист. информации: 58
Опись ист. информации: 977525
Дело ист. информации: 54

Фроншталаг — 307 Бяла — Подляска.
Шталаг — 307 Деблин.
Польшанын Люблин воеводствосундагы Деблин шаарындагы мурдагы чептин ордундагы туткундар учун лагер: шталаг — 307 де 150 миң адам болуп өткөндугу жөнүндө так маалыматтар бар.
Алардын жарымы оорудан, сууктан, ачкачылыктан, атуудан көз жумган.
Өлумдун жогорку көрсөткүчү 1941-42 жылдардагы кыш мезгилинде катталып, суткасына 300-500 адамдын өлүгү чыгып турган.
Жөнөкөй гигиеналык шарттын жоктугугунан дизентерия, тиф, ачкачылыктан ичеги-карын оорулары тез жайылган .

Шталаг — 307 лагери боюнча комиссия түзүлүп, комиссияга күбө катары Феликс Казактын көрсөтмөсунон : — ,, 1941 жылдын декабрь айында чептен оорукананын аймагын көздөй үч араба өлүк ташып бара жаткандардын көрдүм. Бир вагондун ичинен эки киши кыймылдап, алар алсыз колдору менен вагондун четин кармап алышыптыр. Бул тирүү адамдарды өлгөндөр менен бирге көмүү үчүн алып кетишти».

Брести коргоого катышкан аскерлер Бяла — Подляскадагы фронтшталаг 307 кармалып турган, кийин Деблиндеги шталаг 307 ге которулушкан. Ошондуктан, Акылов Токтогон Бяла — Подляскадагы же Деблиндеги лагерде каза болгондугун аныктап билуу керек.

Дайынсыз жоголгон Акылов Токтогон дагы шталаг — 307 лагеринде каза болгон.
Жоокердин туугандары көп жылдан бери издеп, бирок натыйжа чыккан эмес. Фамилия, аты , дареги ката жазылгандан улам табылбай калса керек.

Алмазбек Кучуев бизди Акылов Токтогондун туугандары менен байланыштырып, алардан жоокери тууралуу маалымат алууга көмөк көрсөттү.

Аскарбекова Рыскан, небереси: -,, Чоң атам Акылов Токтогон Тянь-Шань облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылында 1918 жылы жарык дүйнөгө келген. Чоң атам үй булодогу жалгыз уул, бир карындашы бар.
Тулобаев Акыл- атасы, Дононбай кызы Расия- апасы, Акылова Жаңыл — карындашы.
Токтогон чоң атамдын жалгыз уулу Аскарбек, ал кишинин 11 баласы бар.

1- сурөттө:Акылов Токтогон. Жоокердин суроту Эсимде туткун сайтына жүктөлгөн.

2- Жоокердин атасы, апасы, карындашы жана уулу Аскарбек.

Суроттор жоокердин небереси Аскарбекова Рыскандан алынды.
3- Акылов Токтогондун немистер тарабынан лагерде түзүлгөн карточкасы. (маалымат булагы Память народа сайты)

Карточкадагы орусча көк сыя менен жазуу согуш бүткөндөн кийин документация борборунда жазылган.

СОГУШ ТУТКУНУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ.

ФИО : Акилов Тогхогон.
Akilow Toghogon.
Туулган жылы 1918.
Дареги : Чуригалский район, Дыкан.
Лагердеги номери 52348.
Аскерге чакырылган жылы 1939.
Аскердик наамы : солдат.
Лагерь : шталаг — 307.
Каза болгон датасы 08.10. 1941 жыл.

Деблин. Цитадель. Шталаг — 307 лагеринде каза болгондордун мурзосунун азыркы дареги:

Польша. Любельское воеводство.
Комулгон жердин номери ВМЦ 348-179.
Комулгон жердин орду : Демблин шаары, Саперув көчөсү.
Корустондор : 1
Көмүлгөндөрдун саны 60 000
Белгилүулор : 0.
Белгисиз 60 000.

. Акунбаева Бактыгүл.

Next Post

Previous Post

© 2025 Туткун

Эсимде